Шилиде жер титирөө

Шилиде 6, 8 баллдык жер титирөө болду

412558
Шилиде жер титирөө

Латын Америка өлкөсү Шилиде 6,8 баллдык жер титирөө болду. АКШнын геологиялык иликтөөлөр борбору 36 километр тереңдикте болгону белгиленген жер титирөөнүн эпицентри борбор шаар Сантиягонун 295 километр түндүк жагында экенин билдирди.
Жер титирөөдө мал жана жан жоготуу болгон жок.
Тынч океан жер титирөө муунунда орун алган Шилиде 2010 - жылы болгон 8, 8 баллдык жер титирөө менен андан кийин келген цунами 700дөн ашуун киши каза болуп, 220 миң үй колдонулбай турган абалга келген. Өткөн сентябрь айында болгон 8, 3 баллдык жер титирөөдө 12 киши каза болгон


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар