Орусиянын абадан операциялары уланууда

Операция убагында 64 киши каза болду.

361463
Орусиянын абадан операциялары уланууда

Сирияда Асад күчтөрү менен Орусиянын абадан операциялары уланып жатат.
Орусиянын согуштук учактарынын Халебде акыркы 24 саатын ичинде жүргүзгөн операциясында 64 киши каза болду.
Бир тараптан террордук уюм ДЕАШ болсо Мехин аймагын колго алды.
Террор уюму ДЕАШ Сириянын Хомс шаарында режимдин карамагындагы, элдин көпчүлүгү христиан болгон Мехин аймагын көзөмөлгө алды.
Жергиликтүү маалымат булактар, ДЕАШтын бомба жүктөлгөн эки унаа менен аймакка кол салып, Мехин аймагындагы баррикадаларды толугу менен жок кылганын жана өкмөттүн имараттарын басып алганын белгилешти.
Ошондой эле көпчүлүгү христиандар жашаган аймактын тургундары катуу кагылышуулардын себебинен башка жерлерге көчүп кеткени баяндалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар