Непалда аял президент

Непалдагы шайлоодо Коммунисттик партиянын лидери Бидя Деви Бандари жеңишке жетишти

403786
Непалда аял президент

Түштүк Азия өлкөсү Непалда президенттик шайлоодо Коммунисттик партиянын лидери Бидя Деви Бандари жеңишке жетишти.
Бандари Непалдын тарыхында президенттик орундукка отурган биринчи аял болду.
Аял укуктары тууралуу күрөшү менен таанылган Бандари парламенттеги шайлоодо 241 добушка каршы 317 добуш менен президент болуп шайланды. Бандари мурунку коммунист партиянын лидери Мадан Бандари менен турмуш куруп 1993 - жылы жолдошу жол кырсыгынан каза болгондон кийин саясатка кирген. Бандари ошол эле учурда Непалдын экинчи президенти. Непалда монархия 2008 – жылы кулап жана Федерал Демократиялык Непал Республикасы курулган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар