Йемендеги кол салуу

Чек тааныбаган дарыгерлер уюмуна дагы бир сокку Сауд Арабстандан келди

401995
Йемендеги кол салуу

Уюмдун Афганстандагы ооруканасынын бир ай мурда аткылануусунан кийин бул жолу Йемендеги ооруканасы Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн соккусуна дуушар болду. Бомбалоого дуушар болгон ооруканада кандайдыр бир жан жоготуу болгон жок.
Коалиция учактары Йемендин Акбан аралынын жакындарында мыйзамсыз курал сатуу үчүн колдонулган бир кемеге да абадан операция жасады. Операциянын көрүнүшү Сауд Арабстан тарабынан жарыяланды. Көрүнүштөрдө чоң бир кеме деңизде баратканда жанына 2 кичине кеме жакындап келе жаткан. Бул учурда чоң кеме согуштук учактардагы ракета менен атылган. Кемелердин кимге таандык экени же ичинде бар экени айтылган ок – дарынын түрү тууралуу билдирүү жасалган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар