Нигерияда жан кечтилик кол салуу

Кол салууларда 45 киши каза болду

398487
Нигерияда жан кечтилик кол салуу

Кол салуулардын биринчиси өлкөнүн түндүк чыгышындагы Маидугуриде бир мечитте эрте мененки намаз учурунда болду. Кол салууда 18 киши каза болду. Адамава аймагындагы кол салуу болсо бешим намазы учурунда жасалды. 27 киши каза болуп, 100гө жакын киши жараланды. Кол салуудан кийин Боко Харам уюмунун бар экени болжолдолууда.
Боко Харам 160 миллион калктуу Африканын эң чоң өлкөсү Нигерияда 2000 - жылдардын башынан бери кыймылдарын улантууда.
Боко Харам уюмунун акыркы 6 жылда жасаган кол салууларында он миңдеген киши каза болуп, 2 миллиондон ашуун киши да үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар