АКШ Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Орустар ДЕАШка каршы күрөштө конструктивдүү кадамдарды ташташы керек.

354545
АКШ Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартты


АКШ башкаруучулугу, Сириядагы кырдаал боюнча Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жетектеген делегация менен сүйлөшүүдөн баш тартты.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест: «Так айта турган болсок, орустар ДЕАШка каршы күрөштө конструктивдүү кадамдарды таштамайынча алар менен сүйлөшүү сыяктуу ниетибиз жок»,- деп айтты.
Орусиянын Сирияда өз пландарынын негизинде кыймыл кылганын белгилеген Эрнест, орустардын АКШ башкаруучулугу менен сүйлөшүү сунушун талап кылгандарына таң калганын белгиледи.
Жош Эрнест өлкөсүнүн, Израиль менен Палестинанын ортосунда акыркы күндөрдө күчөгөн күч колдонуу окуяларына тынчсызданганын да билдирди.
Жумалык маалымат жыйынында аймакта күчөгөн күч колдонууга көңүлдөрдү бурган Эрнест: «Болуп жаткан окуялар жана күнөөсүз адамдардын каза болушу бизди санааркатууда»,- деп айтты.
Ак үйдүн кызматкерлери израилдик жана палестиналык жетекчилер менен да байланыш куруп жатканын баса белгилеген Эрнест: «Эки тарапты тең чыңалууну басаңдатуу жана тынчтыкты орнотуу үчүн керектүү кадамдарды таштоолору керектиги боюнча эркерттик»,- деди.
Ак үйдүн басма сөз катчысы, мамлекеттик катчы Жон Керринин жакынкы мезгилде аймакка барууну пландаганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар