Индонезияда жер титирөө

Индонезияда 6, 6 баллдык жер термелүүдө 60 киши жараланды

353847
Индонезияда жер титирөө

 АКШ геологиялык иликтөөлөр борборунан жасалган маалыматта жер титирөөнүн жергиликтүү саат менен 1.00дө Батыш Папуа аймагынын жакындарында деңиз түбүнүн 64 километр астында жана жээкке 24 километрдик аралыкта болгону белгиленди. Жер титирөөдө 200гө жакын үй чыгымга учурады.
Индонезия Улуттук апаат чыгымдарын азайтуу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо берген маалыматында жер титирөөнүн эки минутага жакын созулганын билдирди. Жетекчилер аймакта цунами коркунучунун жок экенин жарыялашты. «Тынч океан от чамбары» жер титирөөсү жана вулкандык муунда орун алган Индонезияда 2004 - жылы 26 - декабрда болгон 9, 1 баллдык жер титирөө жана андан кийин пайда болгон цунамиде 320 миң киши каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар