Бүгүн «Дүйнө гуманитардык жардам күнү»

Адистер жардамдар улантылып жатса да адилетсиздик жараткан себептерди ортодон жок кылуу керектигин айтышуда

334465
Бүгүн  «Дүйнө гуманитардык жардам күнү»

Жер жүзүндө 80 миллиондон ашуун киши чукул жардамга муктаж. Жыл сайын 18 миллиондон ашуун киши жакырдыктан улам каза болууда. Согуш жана кагылышуулар жапа чеккендерге күн өткөн сайын жаңылары кошулууда. Жер жүзүнүн дарыгерлери коомунун төрагасы Керем Кынык сандар жана жасалуусу керек болгондор тууралуу маалымат берди. Кынык : «Дүйнө калкынын 10 пайызы дүйнөнүн 70 пайызына ээ. Абдан оор бир киреше бөлүштүрүүдө адилетсиздик бар. Негизинен барыбызга жете турганчалык байлык бар»,- деди.
Адамдардын киршелеринин бир бөлүгүн иреттүү түрдө жардам үчүн бөлүүсү керектигин баса белгилеген Кынык чыгарылган 4 миллиард тонна азык – түлүктүн 1 жарым миллиард тоннасынын каржалбастан таштандыга ташталганын белгиледи. Керем Кынык: «Беш жашын толтура албаган бөбөктөрдүн саны 7 миллиондон ашты, булардын жарымы ачкачылыктан каза болууда. Жыл сайын 18 миллион киши жакырдыктан эрте каза болууда»,- деди.
Адистер жардамдар улантылып жатса да адилетсиздик жараткан себептерди ортодон жок кылуу керектигин айтышуда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар