Чилиде аба ырайы
Өлкөдөгү жаман аба шарттарынын айынан 2 киши каза болуп 375 киши да үйсүз калды
319454
Чилиде катуу шамал жана жогорулаган толкундар жээктеги аймактарга таасирин тийгизүүдө. Жан жана мал жоготууга жол ачкан аба шарттары көп сандаган үйдү да жер менен жексен кылды. Валпараисо шаарындагы портто тосмолорду ашкан толкундар балыкчы кемелерин абдан чоң чыгымга учуратты. Чили ички иштер министрлиги адамдарды жээктен алыс болууга чакырды. Өлкөдөгү жаман аба шарттарынын айынан 2 киши каза болуп 375 киши да үйсүз калды.