Обамадан климаттык план...

Обаманын айткандарына республикачылар каршы чыгышты

314377
 Обамадан климаттык план...

АКШнын президенти Барак Обама өлкөдөгү энергетика станцияларынын газ чыгарууларын 2030 - жылга чейин 32 пайызга азайтылуусун күткөн «Таза энергетика планын» билдирди. Барак Обама климаттык алмашуулар менен күрөшүүдө тарыхый мааниге ээ «Таза энергетика планын» Ак үйдө өткөрүлгөн жыйын менен коомчулукка билдирди.
Климаттык алмашуунун эң көп балдарды, картаңдарды, жакырларды жана жүрөк оорулууларына таасир бергенин белгилеген Обама : «Биз климаттык алмашуунун таасирин сезген алгачкы, бул темада бир нерселерди жасай ала турган акыркы муунбуз»,- деди.
Барак Обама «Таза энергетика планын» өлкөдөгү көмүр кычкыл газынын үчтөн бир бөлүгүн чыгарган энергия станцияларын бутага аларын жана газ чыгарууну 2030 – жылдан баштап 32 пайызга азайта турган жана ишке ашырууга боло турган стандарттарды алып келгенин айтты.
Обаманын айткандарына республикачылар каршы чыгышты. Обаманын климаттык максаттарынын чынчыл эмес экенин жана өсүүгө тоскоол болорун жактаган республикачыл сенаторлор сөзү болгон пландын турмушка ашырылуусу менен миллиондогон америкалыктын дагы жогору болгон электр фактурасын төлөөгө мажбур болорун ортого салышты.
15) Индиянын Мумбай шаарында бир имараттын чөгүүсү менен биринчи белгилөөлөргө караганда 11 киши каза болду. Куткаруу топтору имараттын урандыларынан 7 кишини чыгарды жана 1 киши болсо азыр да дайынсыз жок. Жетекчилердин 50 жылдык имараттын ишенимдүү эмес экени эскерткенине карабастан ичиндегилер бул жерди бошоткон эмес. Индияда стандарттарга ылайык материалдардын колдонулбашы жана көзөмлдөөдөгү кемчиликтерден улам имарттар бат - бат кулап жатат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар