Обама атомдук келишим боюнча телефон байланышын курду

Барак Обама келишим Ирандын атомдук куралга ээ болушуна бөгөт кое турганын баса белгиледи.

380802
Обама атомдук келишим боюнча телефон байланышын курду

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама, Иран менен жетишилген тарыхый келишимге Израилдин катуу каршылык көрсөткөнү боюнча премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу байланышып келишим туурасында маалымат берди жана Израилдин капаланууларын жоюуга аракет кылды.
Обама Нетаньяхуга бул келишдин, Ирандын террорду колдоосу жана Израилди коркутуулары темасындагы мамилесин өзгөртө албай турганын айтты. Барак Обама айрыкча келишим Ирандын атомдук куралга ээ болушуна бөгөт кое турганын баса белгиледи.
Нетаньяху болсо келишимдин Ирандын атомдук куралга ээ болушуна бөгөт боло албай турганын жана Иранга келишимдин негизинде ага турган миллиарддаган доллардын террорду колдоого кете турганын билдирди. Израилдин коопсуздук кабинети да келишимди бир добуштан четке какты.
Бир тараптан Обама, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге да телефон аркылуу байланышып ыраазычылык билдирди.
Обама, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз жана Бириккен Араб Эмирликтеринин мураскору Мухаммед Аль Нахайян менен телефондо байланышып сүйлөшүү өткөрдү.
Сауд Арабия бийлиги Ирандын атомдук куралга ээ болушуна бөгөт боло турган келишимди колдогонун белгиледи. Ал эми Тегеран бийлиги үчүн тыкыр текшерүүчү механизмдин курулушун жана шарттарга баш ийбеген учурунда санкциялардын кайрадан күн тартипке келиши керектигин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар