Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр

Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр Австриянын борбору Венада уланып жатат.

333982
Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөргөн маалымат жыйынында азырынча макулдашуу түзүлбөгөнүн айтты.
Чечилбеген маселелерден улам сүйлөшүүлөрдүн эки багытка тең кетиши мүмкүн экенин баса белгилеген Керри: «Макулдашуу түзүлө албаган учурда жана маанилүү темаларда иш жүргүзүү кааланбаган учурда үстөлдөн туруп кетүүгө даярданабыз. Муну эч ким каалабаса керек. Биз макулдашууга жетүүнү каалап жатабыз»,-деди.
Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф айрым маселелердин чечилбегенин бирок колунан келген аракетти жасап жаткандарын айтты.
Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини болсо макулдашуу түзүүнүн убагы келгенин белгиледи.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да Иран менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн макулдашуучу жыйынтык менен кайтууну үмүт кыланын сөз кылды.
Штайнмайер «Ийгиликсиз болсок баары ийгиликсиз болот. Жеңүүчү чыкпайт»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар