АКШ Обамага соода боюнча ыйгарым укук берүүдө

Бул мыйзам Обамага сүйлөшүүлөрү уланып жаткан келишимдерди ылдамдатуу мүмкүнчүлүгүн берет.

319139
АКШ Обамага соода боюнча ыйгарым укук берүүдө

Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты президент Барак Обамага «Сооданы өнүктүрүү ыйгарым укугу» берилиши тууралуу мыйзам долбоорун бекитти.
Конгресстин эки баскычында тең бекитилген талаштуу мыйзам долбоору Обаманын бекитүүсүнө сунушталат.
Өткөн аптада Эл өкүлдөр палатасынан 208 каршы, 218 макул добушу менен кабыл алынган мызам долбоору, бул ирет Сенатта бекитилди.
Конгресстин Обама кол койгон келишим шарттарын өзгөртүү укугунан баш тартышын көздөгөн долбоор, Сенатта 38 каршы 60 макул добушу менен кабыл алынды.
«Ылдам мызам чыгаруу ыйгарым укугу» деп да аталган мыйзам долбоору, Обамага сүйлөшүүлөрү уланып жаткан келишимдерди ылдамдатуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Долбоор эң акыркында Обаманын кол коюусуна сунушталат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар