Качкын көчмөндөр маселеси

Жер Ортолук деңизинде качкын көчмөндөр маселесине чечүүчү жол табыла элек.

301828
Качкын көчмөндөр маселеси


Италиянын жээк коопсуздугун сактоочу топтору акыркы 2 күндүн ичинде дагы 500гө жакын көчмөндү куткарды.
Арасында наристелер да болгон көчмөндөр кемелер менен Италия портторуна алынып барылды.
52си аял болгон көчмөндөрдүн көпчүлүгү Сирия, Бангладеш жана Сахара чөлүнүн төмөн жагында орун алган Африка өлкөлөрүнөн.
Италияга 2015-жылы балыкчы кемелери жана үйлөтүлгөн кайыктар менен жолго чыккан 50 миңге жакын качкын көчмөн кирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар