Женевада Сирия сүйлөшүүлөрү

Сирия маселесин чечүүгө карата сүйлөшүүлөр Швейцариянын Женева шаарында уланып жатат.

295053
Женевада Сирия сүйлөшүүлөрү


БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура сүйлөшүүлөрдүн алкагында Иран жана Бириккен Араб Эмирликтеринин өкүлдөрү менен жолугушту.
Де Мистура Сириядагы кагылышууларды токтотууда аймак өлкөлөрүнүн ролуна көңүлдөрдү буруп, ок атпоо чакырыгын салды.
Сүйлөшүүлөрдө маселеге кеңири саясий чечүүчү жол табылышы керектиги темасында бирдей пикирге келишти.
Элчилер, өкүлдөр жана адистер деңгээлинде 5-майда башталган жана тараптар менен өз-өзүнчө өткөрүлгөн Сирия сүйлөшүүлөрүнүн дагы 4-6 жума уланышы күтүлүүдө.
Мистура Женевага режимден тышкары 40тан ашуун сириялык топ менен 20 аймактык жана эл аралык актердун чакырылганын билдирген болчу.
Булардын арасында Сирияга коңшу өлкөлөр, БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр, саясий жана аскердик кызматкерлер, сириялык айымдар, жарандар, диаспоралар жана диний лидерлер бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар