Чанаккале согушунун 101 жылдыгына карата жол тартуу

Нью-Йорктон Гелиболуга барууну пландаган Эрден Эруч жол тартуусун баштады.

286949
Чанаккале согушунун 101 жылдыгына карата жол тартуу

Чанаккале согушунун 101 жылдыгына карата Нью-Йорктон калак күүлөп Гелиболуга барууну пландаган Гиннесс рекордсмени, спортчу жана саякатчы Эрден Эруч "Тынчтыкка жол тартуу" деп атаган саякаты үчүн Манхеттенден жол тартуусун баштады.

Толугу менен булчуң күчүнө таянган жол тартуулар менен дүйнөнү кыдырып Гиннесс рокорддор китебине кирген Эручту Мароккого чейин австралиялык спортчу Кендон Гласс коштоп келет.

Мароккодо Кендондун ордуна англиялык Марк Гассон олтурат жана экөө Жер Ортолук деңизде саякатын улантышат.

Январь же февраль айында Гелиболуга жетүүнү пландаган Эруч, жол тартуусунун орто эсеп менен 10 айга созула турганын божомолдогонун белгилеп кетти.

Эруч жол тартуусунун "barisayolculuk.com" адресинен байкалса боло турганын айтты.

Эрден Эруч саякаты бою боттун астындагы суу өтпөгөн бөлүмдөрдө атайын пакеттелген тамактар менен тамактанат, ичиле турган суусун деңиз суусун аппарат менен тазалап алат, электр энергиясын болсо кабинанын үстүнө жайгаштырылган күн панелдеринен камсыздайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар