Афганстанда кол салуу

Талибандан башкы прокурорго кол салуу

276244
Афганстанда кол салуу

Афганстандын  чыгышындагы Пактия  аймагынын башкы прокурору Нежибуллах Султанзай учураган куралдуу кол салууда каза болду. Пактия аймагынын депутаты Мүжахиддин Рахман Султанзайга үйүнүн алдында ким экени белгисиз  бир кишинин ок атканын, кол салууну Талибандын моюнга алганын билдирди. 

Талибан мүчөсү террористтер 9 -  апрелде да Мезар -ы Шерифтеги прокурорлук имаратына кол салуу жасап, окуяда араларында прокурорлор да болгон 10 киши каза  болгон. Кыймылды жүргүзгөн 4 кол салуучу да окуя болгон жерде өлтүрүлгөн. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар