Йеменде шиит хусилерге таандык ок - дары сакталган жерлер атылды
Энжран аймагында 2 Пакистан жараны каза болду
271172
Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн борбор шаар Санада шиит хусилерине таандык ок – дары сакталган жерге карата жасалган абадан кол салууда 5 киши каза болуп, 20 киши да жараланды.
Бомбалоолордон кийин борбор шаардын чыгышындагы Нокум тоосундагы ок – дары сактооочу жеринде жарылуулар болду. Ок – дары сактоочу жерден атылган көп сандаган шрапнель тегерекке чачырап, аймактан калың түтүн чыкты. Ошол эле учурда Сауд Арабстандын Йемен чек арасындагы Энжран аймагында 2 Пакистан жараны каза болду.
Сауд жетекчилер Йемен тарабынан атылган ракетанын бир мектепке келип тийгенин, окуяда 2 Пакистан жаранынын каза болгонун, 4 кишинин да жараланганын билдирди.