Непалдагы жер титирөөнүн кесепети

Непалдагы жер титирөөнүн чыгымы барган сайын көбөйүүдө.

255827
Непалдагы жер титирөөнүн кесепети

Непалда болгон 7,8 баллдык жер титирөөнүн чыгымы барган сайын көбөйүүдө.
Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 500гө жакындады, жаракат алгандардын саны да 10 миңден ашты.
Издеп-куткаруу иштери тынымсыз уланып жатат. Жер титирөөдөн сегиз миллиондон ашуун киши жабыркады, орто эсеп менен 70 миң үй да урап калды.
Өлкөдө чыгымдардын ордун толтуруу үчүн да иш-чаралар уланып жатат.
Непал өкмөтүнүн жардам чакырыгына жооп берген БУУ алдыбыздагы үч ай бою бул өлкөгө жардам берет.
БУУ биринчи баскычта 145 миллион доллардык жардам көрсөтөт.
Жардам иш-чаралары башталды бирок дагы эле айрым аймактарда баш калкалоо, тамак-аш жана суу маселеси болуп жатат.
БУУ жер титирөөдөн кийин орто эсеп менен 1,7 миллион баланын шашылыш жардамга муктаж экенин, таза суу, баш калкалоочу жайлар жана тазалык материалдары керек экенин билдирди.
Жардамдардын кеч барып жатканына нааразы болгон калк борбор шаар Катмандунун тышына качууга аракет кылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар