Афганстанда жер көчкү

Жер көчкүдө 52 киши каза болду

253865
Афганстанда жер көчкү

Афганстандын түндүк чыгышындагы Бадахшан аймагында болгон жер көчкүдө алгачкы белгилөөлөргө караганда 52 киши каза болду. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.
Көп сандаган үйдүн топурактын астында калуусу менен каза болгондордун көп болушунан тынчсыздануулар болууда. Губернаторлуктан берилген маалыматка караганда кургак жолдорунун кардан улам жабык болуусу менен аймакка бир гана тик учар менен барууга болору белгиленди. Өлкөнүн эң жакыр аймактарынын бири болгон Бадахшанда өткөн жылы май айында да 350 киши жер көчкүдөн каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар