ДАИШ деген уюм мамлекет да,ислам да эмес

Чавушоглу Армения диаспорасынын активдүү түрдө Түркия жана исламга каршы пропагандаларды жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.

243390
ДАИШ деген уюм мамлекет да,ислам да эмес

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кесиптеши Жон Керринин чакыруусу боюнча барган АКШда жолугушууларын баштады.
Мэриленд штатындагы Түркия-Америка маданият жана искусство борборуна барган Чавушоглу иш-чаралар жөнүндө маалымат алды.
Чавушоглу мусулман коомчулуктардын өкүлдөрү менен түшкү тамакта жолукту.
Ал жактагы сүйлөшүүсүндө исламофобияга токтолгон Чавушоглу: «Тилкке каршы Аль-Каида жана ДАИШ сыяктуу террордук уюмдар дүйнөдөгү жалпы мусулмандардын аброюна терс зыян тийгизүүдө. Бардыгыбыздын милдетибиз америкалыктарга жана жооптууларга ДАИШтин мамлекет дагы ислам дагы эмес экендигин билдирүү»-деп айтты.
Чавушоглу 24-апрель күнүнө карата уюштурулган сапарында Армения диаспорасынын активдүү түрдө Түркия жана исламга каршы пропагандаларды жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.
1915-жылы каза болгон мусулмандардын ошол эле учурда армяндардын да кайгыларын бөлүшөөрүн белгилеп кеткен Чавушоглу, АКШда жашаган мусулман коомчулугун 24-апрелде Вашингтондо боло турган «Тынчтык жана колдошуу жүрүшүнө» чакырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар