Орустар Ак үйгө кибердик чабуул койгондугун CNN айтып чыкты

Хакерлердин АКШнын президенти Барак Обаманын күнүмдүк программалары менен кошо айрым маалыматтарына жеткени айтылды.

231570
Орустар Ак үйгө кибердик чабуул койгондугун CNN айтып чыкты

CNN телеканалында Орусиянын компьютер каракчыларынын Ак үйдүн компьютер системасына кирип АКШнын президенти Барак Обаманын күнүмдүк программалары менен кошо айрым маалыматтарына жеткени айтылды.
Орусия тектүү хакерлердин эң оболу АКШнын мамлекеттик катчылыгынын компьютер желесине жеткенин белгилеген CNN, ал жерден Ак үйдүн системасына өтүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын маалымдады.
Ак үйдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынан Марк Строх болсо, бул кабарлардын жаңы окуя болбогонун, өткөн жылы жашыруун маалыматтар орун албаган айрым компьютер желелеринде болгон жана ал мезгилде басма сөзгө да жарыяланган окуя болгонун айтты.
Мындай түрдөгү кыймылдарга атайын көңүл бөлгөндөрүн белгилеген Строх: «Өткөн жылы белгилеп кеткенибиз сыяктуу бул кыймылдарды жоюу үчүн шашылыш чараларды көрдүк»-деди.
CNNде сөз сүйлөгөн Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи орун басары Бен Родес да Ак үйдүн жашуруун маалыматтары орун алган системаларда бузулуу болбогонун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар