Тунисте кандуу кол салуу

Кол салуучулар барымтага алган жана араларында балдар да болгон көп сандаган турист эркин койо берилди

271925
Тунисте кандуу кол салуу

Тунисте күн сайын жүздөгөн киши зыярат кылган Улуттук Бардо музейине жасалган кол салууда 17 турист каза болуп, 2 кол салуучу өлүү колго түшүрүлгөн операцияда да бир полициянын каза болгону билдирилди. Каза болгон туристтердин Италия, Франция, Колумбия, Япония, Польша, Австралия жана Испания жараны экени билдирилди. Кол салуучулар барымтага алган жана араларында балдар да болгон көп сандаган турист эркин койо берилди.
Парламент имаратына жакын турган музейдеги кол салуу депутаттардын анти - террор мыйзамын сүйлөшүп жаткан учурда ишке ашты. Окуядан кийин парламенттеги иштер токтотулуп, имарат бошотулду. Кол салуу учурунда музейде 200гө жакын зыяратчы болгон. Осмон империясынын сарайында музейге айландырылган Бардо музейи Тунистеги абдан маанилүү зыярат кылынуучу жерлердин бирөөсү. Президент Бежи Ессибси кол салуудан кийин телекөрсөтүүдөн түз эфирде берген маалыматында өлкөнүн террор менен күрөшүп жатканын белгиледи жана : «Бул коркунучтуу азчылык бизди коркута албайт. Акырына чейин күрөшөбүз. Демократия жеңишке жетиште жана жашайт»,- деди.
*** Түрк тышкы иштер министрлиги террордук кол салууну катуу айыптап : «Түркия Тунис башкаруусу жана калкы менен тилектештик жана кызматташтыкты улантат»,- деген билдирүү жарыялады. Кол салуудан кийин АКШ жана Франциядан Туниске колдоо кабарлары келди. Тунисте бир топ шаарда митингдер өткөрүлүп, аза күткөн кээ бир тунистиктер Бардо музейинин тегерегинде шамдарды жагышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар