Украинада ок атпоо

Украинанын борбордук башкаруусу менен Орусияны жактоочулардын отосундагы ок атпоо күчүнө кирди.

219046
Украинада ок атпоо

Украинанын борбордук башкаруусу менен Орусияны жактоочулардын отосундагы ок атпоо түндө күчүнө кирди.
Фронттордон келген алгачкы кабарларга караганда эки тарап тең ок атпоого баш ийгендигин көрсөтүп турат.
Орусиячылдардын чеби Донецкте түнкү 1 чамаларында кыска мөөнөткө курал үндөрү угулду бирок андан кийин аскердик кыймыл көрүнгөн жок.
Минск протоколуна ылайык ок атпоонун башталышынан эң кеч 48 сааттан кийин эки тарап оор куралдарын фронт сызыгынан алып чыга баташы керек.
Өткөн бейшемби күнү Беларустун борбор шаары Минскте Нормандия төрттүгү катары билинген Орусия, Украина, Германия жана Франциянын лидерлери ок атпоо протоколу боюнча келишишти.
Протокол Украинада 10 айдан бери уланып жаткан жана 5 миңден ашуун жанды алган жарандык согушта, курал үндөрүнүн басылышын жана андан соң туруктуу тынчтык үчүн жолугушуулар өткөрүлүшүн көздөйт.
Бул учурда АКШнын президенти Барак Обама Украинанын чыгышында болгон акыркы абал туурасында Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Обама, Меркел менен сүйлөшүүсүндө Украинанын чыгышында башталган ок атпоону талкуулады. Эки лидер ок атпоо келишиминин талабына ылайык эки тарап милдеттерин орундатышы керектигин баса белгилешти.
Обама Порошенко менен сүйлөшүүсүндө да кагылышуулардан улам Украина жарандарынын каза болгонунун себебинен көңүл айтты жана өзгөчө Дебальцеводо жана айланасында уланган ок атышууларга терең кайгырганын сөз кылды.
Алдыдагы күндөрдө да сүйлөшүсүн улантуу темасында макулдашкан эки лидер, Украинанын көз карандысыздык жана биримдигине урмат сый көрсөтүүчү туруктуу тынчтыктын түзүлүшүнүн маанисине токтолду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар