Орусиянын президенти Египетте
Орус президенттин сапары эки күнгө созулат.
Орусиянын президенти Владимир Путин 10 жылдан кийин Египетке барды.
Путинди борбор шаарда президент Абдул-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.
Сапардын биринчи күнүндө эки лидер Каир опера залында бир иш-чарага катышышты. Путин менен Сиси эки өлкөнүн карым-катнаштарын тема кылган даректүү тасма көрүштү.
Аймактык жана эл аралык маселелердин сүйлөшүлүшү күтүлгөн сапарда Путиндин күн тартибин Сирия жана Ирактагы окуялар, Палестина-Израиль маселеси, жаратылыш газ менен атомдук тармактарда өнөктөштүк жана техникалык, аскердик жана соода тармактарында кызматташтык сыяктуу темалар түзөт.
Египетке акыркы сапарын 2005-жылы жасаган орус лидердин бул сапары эки күнгө созулушу күтүлүүдө.
Президент Сиси да 2014-жылдын август айында Орусияга барып, сапары убагында 3 миллиард доллардык курал-жарак келишимине кол коюлган болчу.
Тектеш кабарлар
Зариф: "Согушту токтотуу үчүн кызматташууга даярбыз"
АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Зариф күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.