Дүйнөнүн эң картаң кишиси
Гиннес рекорддор китебине катталган дүйнөнүн эң картаң аялы 116 жаштагы Мисао Окава.
213056
Өткөн август айында расмий түрдө Гиннес рекорддор китебине кирген жана Япониянын Токио шаарында жашаган дүйнөнүн эң картаң кишиси Сакари Момои 112 жашка кирди. Момоинин 66 жашындагы үчүнчү уулу атасы үчүн туулган күн өткөрүшкөндөрүн айтты. Токиодогу саламаттыкты сактоо кызматтары институтунун кызматкерлеринин берген маалыматына караганда Момои тамактарын иреттүү жеп жана ар кандай чыгармачылыктарга да катышууда. Гиннес рекорддор китебине катталган дүйнөнүн эң картаң аялы 116 жаштагы Мисао Окава. Окава Япониянын Осака шаарында жашайт.