ИШИМдин химиялык куралдар боюнча адиси
ИШИМдин химиялык курал боюнча адиси өлтүрүлдү
АКШ Ирактын Мусул шаарына жасаган абадан кол салуусунда ИШИМдин химиялык куралдар боюнча адисинин өлтүрүлгөнүн билдирди. Америка армиясы өз жол башчылыгындагы ИШИМге каршы эл аралык коалициянын абадан кол салуусунда химиялык куралдар боюнча адиси Эбу Маликтин өлтүрүлгөнүн жарыялады. Берилген маалыматта : «Анын өлүмү ИШИМдин химиялык курал өндүрүп күнөөсүз кишилерге карата колдонуу ыктымалын азайтууда»,- деп айтылды. 24 - январда жасалган кол салууда каза болгон Эбу Маликтин Ирактын мурунку лидери Саддам Хүсейин үчүн иштегени да билдирилди. 2005 - жылы Аль Кайдага кирген Эбу Маликтин андан кийин ИШИМге кошулганы белгиленди. Газ түрүндөгү хлорго ээ экени айтылган ИШИМдин химиялык куралдарынын бар экени азырынча тактала элек.
Тектеш кабарлар
Түндүк Корея: "Орбитага спутник жөнөтөбүз"
Пхеньян өкмөтү 2024-жылы да орбитага жаңы спутниктерди жөнөтүүнү максат кылганын жарыялаган.