Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн кечеңдетиши мүмкүн

Дмитрий Песков Киев башкаруучулугун өлкөнүн чыгышындагы кагылышууларды кайрадан күүлөгөнү менен күнөөлөдү.

192089
Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн кечеңдетиши мүмкүн

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев башкаруучулугун өлкөнүн чыгышындагы кагылышууларды кайрадан күүлөгөнү менен күнөөлөп, бул абалдын Казакстандын Астана шаарында өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүнүн жоюлушуна себепчи болушу мүмкүн экендигин айтты.
Песков: «Украина бийлигинин кагылышууларды кайрадан баштатуусу, Нормандия форматындагы сүйлөшүү ыктымалдуулугун балталап жатат»-деген сөздөрдү айтты.
Өткөн жылы Нормандия чабуулунун 70 жылдыгын белгилөө иш-чараларында Германия, Франция,Орусия жана Украинанын мамлекет башчылары жолугушуп, Украинадагы кризиске чечим табуу максатында бир топко сүйлөшүү өткөрдү.
Украинанын президенти Петро Порошенко да «Нормандия төрттүгү» деп аталган бул өлкөлөрдүн лидерлеринин Украинадагы кризиске чечим табуу максатында Астанада жолугуша турганын жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар