Кара кутудан сигнал алынды

Кара кутунун табылуусу үчүн иликтөө иштери улантылууда

179160
Кара кутудан сигнал алынды

Индонезиядан Сингапурга баратып кырсыкка учураган AirAsia аба жолдоруна таандык учактын кара кутусунан сигнал алынды. Кара кутунун табылуусу үчүн иликтөө иштери улантылууда.
Индонезия деңиз флотунун чумкугучтары Ява деңизинде куйругу табылган учактын кара кутусун табуу үчүн аймакта чумкуй баштады. Учактын кырсыкка учуроо себебин түшүнүү үчүн кара кутунун табылуусунун абдан маанилүү экени белгиленди. Ошол эле учурда кырсыкты каза болгон жүргүнчүлөр үчүн жакындарына орточо 100 миң доллардан компенсациянын берилери белгиленди. Ушул кезге чейин табылган 40 кишинин сөөгүнөн 25нин ким экенинин аныкталганы билдирилди. Учакта жетөөсү экипаж болгон 162 киши болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар