Германияда улутчулдар түрктөр окуган мектепке кол салышты

Ашкере улутчул топтор түрктөрдү жек көрүү сөздөрүн кайталап, кол салууларын улантышууда.

170605
Германияда улутчулдар түрктөр окуган мектепке кол салышты

Германиянын Түндүк Вестфалия провинциясынын Дормаген шаарындагы мектепке ашкере улутчул топтор тарабынан кол салуу болгону кабарланды. Хакенброич районунда орун алган «Лейбниц Гимназиум» аттуу лицейдин терезелерине жана дубалдарына «түрктөр немис боло алышпайт» жана «түрктөр өлтүрүлөт» сыяктуу сөздөр жазылып, нацисттердин симвордору болгон кресттер тартылган. Дормаген полициясынын өкүлү Дирк Тиз аталган окуя болгонун тастыктап, тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди. Калаанын полициясы менен Дюссельдорф мамлекеттик коопсуздук полициясы тарабынан териштирүү жүргүзүлөт.
Дормаген шаарында мындан 10 күндөй мурда да курулушу уланып жаткан Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын Түрк Ислам Биримдигине караштуу «Сулеймание» мечитине да жогорудагыдай кол салуу болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар