Сирияда Асад күчтөрүнүн кол салуулары улантылууда

Асад күчтөрүнүн Халептин түндүгүндө кечээ жасаган абадан кол салуусунда 45 киши каза болгон

162201
Сирияда Асад күчтөрүнүн кол салуулары улантылууда

Армияга таандык согуштук учактын борбор шаар Дамаск жакындарында жасаган баррель бомбалуу кол салууда 6 киши каза болуп, 40 киши жараланды. Оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Айн Терма аймагын бутага алган кол салууда каза болгондордон үчөөсүнүн бала экени билдирилди. Кол салууда араларында бөбөктөр менен балдар да болгон 40 киши да жараланды. Кол салуунун натыйжасында 6 кабаттуу бир имарат жер менен жексен болуп көп сандаган имараттын да чыгымга учураганы билдирилди. Асад күчтөрүнүн Халептин түндүгүндө кечээ жасаган абадан кол салуусунда 45 киши каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар