Германияда кош атуулдук

Бул долбоордон 1990-жылдан кийин Германияда туулган чет өлкөлүк үй-бүлөлөрдүн балдары пайдаланышат.

154490
Германияда кош атуулдук

Германияда атуулдук мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип «чет өлкөлүк ата-эненин өлкөдө төрөлгөн балдарына кош атуулдук» жолун ачкан түзөтүү кечээ күчүнө кирди.
Немис өкмөтү тарабынан даярдалган жана 3-июлда Федералдык парламентте кабыл аплынган долбоордон орто эсеп менен 500 миң бала жана жаштар пайдалана ала турганы билдирилди.
Жаңы ишке ашыруу менен Германияда туулуп өскөн жана төөрөлүү менен бирге Германия жарандыгына ээ болгон көчмөн тектүү үй-бүлөлөрдүн балдары эми 21 жашка келгенде эки өлкөнүн жарандыгынан бирин тандоого аргасыз болбойт, бирок мунун айрым шарттары болот.
Долбоорго ылайык Германияда туулган жана бул өлкөдө 21 жашка чейин эң аз 8 жыл жашаган же 6 жыл окууга барган жаштарга кош атуулдук укугу берилет. Билим берүү шартына альтернатива катары кесиптик билим же окуу диплому да кабыл алынат.
Бул долбоордон 1990-жылдан кийин Германияда туулган чет өлкөлүк үй-бүлөлөрдүн балдары пайдаланышат.
Мындан мурда көчмөн тектүү үй-бүлөлөрдүн балдары «опция модели» ишке ашыруусунун алкагында 18-23 жаш курагыннын арасында немис атуулдугу же ата-энесинин өлкөсүнүн атуулдугун тандаганга аргасыз болушкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар