Украина боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү

Украина маселесине байланыштуу төрт тараптуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

151115
Украина боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү


Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Петр Порошенко, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд Украинадагы кырдаалга байланыштуу кечээ телефон аркылуу сүйлөшүштү.
Кремлдин билдирүүсүндө, сүйлөшүүдө лидерлер Украинанын чыгыш аймактарындагы атышуулардын туруктуу токтотулуусу керектиги боюнча макулдашкандары, барымтадагыларды алмашуу жана оор куралдардын чек арадан чыгарылуусу темасында да бирдей пикирде экендиктери белгиленди.
Лидерлер кагылышуулардан жабыр тарткан аймактардын кайрадан өнүктүрүлүүсү, калкка гуманитардык жана социалдык жардамдардын көрсөтүлүүсү темаларын да талкуулашты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар