Немис коомунда исламдашуу коркунучу жок

Егер адамдарга душмандык кылуунун ордуна жардам берилиши керектигин сөздөрүнө кошумчалады

147094
Немис коомунда исламдашуу коркунучу жок

Акыркы мезгилде уюштурулган исламга каршы митингдер тууралуу сөз сүйлөгөн Германия федералдык ички иштер министри Томас де Мезьер немис коомунун исламдашуу коркунучунун жок экенин айтты.
Кёльнде өткөрүлгөн аймактык ички иштер министрлеринин жыйынынан кийин журналисттерге маалымат берген Германия федералдык ички иштер министри Томас де Мезьер : «Германиядагы коомдук мамиленин дагы катуу боло баштаганын сезүүдөбүз»,- деди.
Өлкөдө жашаган мусулмандардын көпчүлүгүнүн коомго интеграция болгонуна көңүлдөрдү бурган Мезьер : «Мусулмандар бул өлкөдө иштеп жатышат, салыгын төлөп жатышат, немис тилинде сүйлөшүп жана интеграция болушкан. Айрыкча немис футболдук курама командасы ойногон учурда колдоп жана ашыкчалыктан алыс экенин көрсөтүшүүдө»,- деди. Адамдардын тынчсызданып жатканын белгилеген Мезьер : «Батыштын исламдашуусуна каршы патриот европалыктар» деген группа уюштурган исламга каршы митингдер менен бул тынчсызданууларды жаман жактарга колдонгонун белгиледи.
Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ички иштер министри Ральф Егер болсо «Батыштын исламдашуусуна каршы патриот европалыктар» митингдерин ашыкча оңчулдардын өз максаттары үчүн коркунучтуу түрдө колдонгонун айтты. Егер адамдарга душмандык кылуунун ордуна жардам берилиши керектигин сөздөрүнө кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар