Украинада ок атышуулар тыйыла элек

Украинанын чыгышындагы кагылышууларда бири аскер 7 киши каза болгону, тогузу аскер 12 кишинин болсо жарадар болгону билдирилди.

141417
Украинада ок атышуулар тыйыла элек

Украинанын чыгышындагы ок атпоого карабастан, Украинанын аскерлери менен Орустарды жактоочу бөлүүчүлөрдүн арасындагы кагылышууларда бири аскер 7 киши каза болгону, тогузу аскер 12 кишинин болсо жарадар болгону билдирилди.

Эки тараптын ортосундагы ок атпоо жарыясына карабастан жикчилдер Дебальцево, Пески, Тоненько жана Донецк аэропортторунан тартып аймакка оор куралдар менен ок атты.

Кол салууларда Донецк аэропортунун мурдагы жана жаңы терминалы толугу менен талкаланганы, Донецк аэропорту жана анын чөйрөсү өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндө калганы билдирилди.

Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдердин ортосунда Минск макулдашуусунун алкагында ок атпоо жарыя кылынганына карабастан, тез-тез ок атылып жатканы боюнча эки тарап бири-бирин ок атпоону бузгандыгы менен күнөөлөп келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар