Түркия-Африка карым-катнаштары дагы да күчтөнөт

Нуман Куртулмуш Африка өлкөлөрүнүн көптөгөн кылымдар бою осмондуктар менен дос мамиледе болгонун айтты.

202450
Түркия-Африка карым-катнаштары дагы да күчтөнөт

Экваториалдык Гвинея Республикасында экинчиси өткөрүлгөн Түркия-Африка өнөктөштүк саммити соңуна чыкты.
ТРТга саммит тууралуу маалымат берген вице-премьер Нуман Куртулмуш Африка өлкөлөрүнүн көптөгөн кылымдар бою осмондуктар менен дос мамиледе болгонун айтты.
Африка өлкөлөрүнө алгач ирет туугандык мамилеси менен барган өлкөнүн Түркия болгонун белгилеген Нуман Куртулмуш: «Түркия жагынан алганда Африка өлкөлөрү менен бул жакындашуу башка өлкөлөр менен жасалган кызматташтык келишимдеринен алда канча маанилүү»-деди.
Куртулмуш: «Түркия ушул убакта 54 Африка өлкөсүнүн отуз тогузунда элчилиги бар өлкө. Буюрса кыркынчысы да Экваториалдык Гвинея болот. Ошондуктан абдан кыска мөөнөттүн ичинде Африка өлкөлөрүнүн бардыгында Түркия элчилик ачууга чечкиндүү»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар