Босния-Герцеговинада жаңы мезгил башталды

Кеңештин төрагалык кызматын өткөрүп алган Иванич жаңы мезгилди жаңы саясаттар менен баштай тургандарын белгиледи.

194463
Босния-Герцеговинада жаңы мезгил башталды

Босния-Герцеговинада жаңы мезгил башталды.
12-октябрдагы шайлоодо төрт жылдык мөөнөткө Босния-Герцеговинанын үчтүк президенттик кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган Бакир Иззетбегович, Драган Чович жана Младен Иванич кечээ ант берип кызматын башташты.
Кеңештин төрагалык кызматы да босниялык мүчө Бакир Иззетбеговичтен серб мүчө Младен Иваничке өткөрүлүп берилди.
Иванич жаңы мезгилди макулдашууга карай жаңы саясаттар менен баштай тургандарын белгиледи.
Жаш калктын өлкөнү таштап кеткенин белгилеген Иванич бул Босния үчүн жоготуу экенин сөз кылды.
8 айдан кийин төралык кызматты Иваничтен өткөрүп ала турган хорватиялык мүчө Драган Чович да Босния-Герцеговинанын негизги максаты Европа Биримдиги жана НАТОго мүчө болуу экенин айтты.
Кеңештин босниялык мүчөсү Бакир Иззетбегович болсо Босния-Герцеговинанын талаш-тартыштарга корото тургандай убакыты жок экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар