Чоң жыйырмалардын лидерлер саммити

Саммит аяктады

192031
Чоң жыйырмалардын лидерлер саммити

Австралиянын Брисбан шаарында өткөрүлгөн чоң жыйырмалардын лидерлер саммити аяктады. Түркия 1 – декабрдан баштап кезектешкен башкаруучу. Премьер – министр Ахмет Давутоглу саммиттин акыркы күнүндө оболу «Глобалдык экономикалык жакшыруу» деген темадагы отурумга катышты. Лидерлер экинчи отурумда да «энергетика» саясатына баа беришти. Түшкү тамакта болсо премьер – министр 2015 - жылдын кезектешкен башкаруучусу сыпаты менен Түркиянын алдыңкылыктарын билдирди. Премьер – министр күндүн ичинде эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.
Премьер – министр БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен да жекеме – жеке сүйлөштү. Индонезия менен да делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кезектешкен башкаруучу болуу себеби менен Түркиянын бере турган кабарлары кызыгуу менен күтүлүп жаткан. Давутоглу Түркиянын алдыңкылыктарын эл аралык медиа өкүлдөрү да катышкан пресс – жыйында билдирди. Саммитке баа берген премьер – министр Давутоглу Сирияда мекендери колунан алынган кишилерди эске салуу менен качкындар темасына көңүлдөрдү бурду. Давутоглу : «Тилекке каршы качкындар маселеси кенен түрдө сүйлөшүлбөдү, бирок Түркиянын сунуштары каттоого алынды»,- деди. Премьер – министр Түркиянын кезектешкен башкаруучулугундагы алдыңкылыктар тууралуу да өзгөчө эки жерге басым жасады. Аз кирешелүү өлкөлөрдүн да бул процесстин бир бөлүгү болушу жана кичи жана орто өлчөмдүү ишканалардын колдоого алынуусу. Премьер – министр Давутоглу баса белгилеген башка бир темалар болсо мыйзамсыздык менен күрөшүү, бардык кишилердин негизги энергетика булактарына жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, Париж конференциясына пайдубал түзө турган климаттык алмашуу тууралуу иш чаралар... Түркиянын кезектешкен башкаруучулугундагы чоң жыйырмалар саммити 2015 – жылы 15 – 1 6 – ноябрь күндөрү Антальяда өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар