Украина
Апрель айынан бери аймакта 4 миңден ашуун киши каза болду
183226
Украинанын чыгышында 5 - сентябрда ок атууну токтотуу жарыяланса да эреже бузуулар улантылууда. Украинанын чыгышындагы Донецкте бир мектептин спорт аянтына пулемет огу келип түшкөн. 14 - 18 жаштардагы жаштар каза болуп, 4 жаш да жараланды. Украинада ок атууну токтотуу эрежелеринин бузулары тууралуу тынчсыздануулар күч алып, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ аймактагы көзөмөлчү кызматын кеңейтүүнү пландаганын билдирди. Планга караганда көзөмөлчү саны 500гө жетет. Орусия жактоочулары жана Украина армиясынын ортосунда болгон кагылышууларда апрель айынан бери аймакта 4 миңден ашуун киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.