Шайлоолор мыйзам тышы

АКШ Донецк жана Луганнск эл республикаларында болгон «президенттик жана парламентик» шайлоолорун айыптады

179918
Шайлоолор мыйзам тышы

АКШ Орусия жактоочусу жикчилдер тарабынан бир тараптуу деп жарыяланган Донецк жана Луганнск эл республикаларында болгон «президенттик жана парламентик» шайлоолорун айыптады, шайлоолордун мыйзам тышы экенин билдирди. Ак үйдөн жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө шайлоонун Украина конституциясына терскери экени баса белгиленди. Орусия жана жактоочусу жикчилдердин Украина мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү шайлоолордун өткөрүлүшүн күткөн 5 – сентябрь Минск токтомуна сый көрсөтүшөрүн мындан мурда да айтышкандары эске салынды. Бул шайлоо менен бул токтомдун шарттарынын бузулганы билдирилди. Ак үй Орусиянын аскерлерин жана аскердик каражаттарды Украина чек арасына өткөргөнүнө карата кабарлардан тынчсызданышкандарын да билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар