БУУ глобалдык ысуу менен күрөшүүгө чакырат

Парник газынын эмиссиясынын азайтылышы жана глобалдык ысуу менен күрөшүү үчүн убакыт тарып баратат.

179686
БУУ глобалдык ысуу менен күрөшүүгө чакырат

Бириккен Улуттар Уюмунун климат отчотунда климаттын өзгөрүүсү кайтылгыс жолдо баратат...
Адистерге караганда парник газынын эмиссиясынын азайтылышы жана глобалдык ысуу менен күрөшүү үчүн убакыт тарып баратат.
Климат өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык дискуссиянын 900 илимпозунун эмгектеринен турган ылгоодо кызык белгилөөлөр бар.
30 миң барктык отчетто климат өзгөрүүсүнүн улам жогорулап баратканы жана кайтылгыс жолдо болгону белгиленип, таасирлери менен өзгөрүүнүн акрындатылышы үчүн жасалышы керек болгондор иликтенди.
Отчетто глобалдык ысуудагы адам таасиринин ачык жана так болгону, адам колунан чыккан парник газдарынын эмиссияларынын тарыхтагы эң жогорку деңгээлде болгону баса белгиленди.
Отчетто айрыкча 1901-2010-жылдар аралыгында деңиз деңгээлинин 19 см жогорулаганы билдирилди.
Отчетто бардык сценарийлерге ылайык 21-кылымда жер бетинин ысуусу арта турганы жана парник газынын эмиссиясы токтотулса дагы климат өзгөрүүсүнүн таасирлери кылымдар бою улана турганы баса белгиленди.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да отчеттун финалдык бөлүмүнүнүн жарыяланышынан кийин глобалдык ысуу менен күрөшүүнүн күчтөндүрүлүшү чакырыгын таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар