Пешмергелер ИШИМге алгачкы чабуулун жасады

Кобаниге барган пешмерге күчтөрү ИШИМге каршы алгачкы чабуулун жасады.

177975
Пешмергелер ИШИМге алгачкы чабуулун жасады

Ирактан Кобаниге барган пешмерге күчтөрү ИШИМге каршы алгачкы чабуулун жасады.
Түркия аркылуу Кобаниге өткөн пешмерге күчтөрү, шаардын батышындагы ар башка жерлерге жайгашышты.
Алгачкы чабуулун жасаган пешмергелер кечээ кечинде ИШИМ буталарына 6 «Катюша» ракетасын атты.
Бул чабуулга ИШИМден жооп кайтарылган жок.
Пешмергелердин Кобаниге өтүшүнөн кийин коалициялык учактардын ИШИМге каршы бомбалоосу да күчөтүлдү.
АКШ армиясы Кобаниге жакын жердеги ИШИМ буталарына беш башка абадан кол салуу уюштурганын жарыялады.
Бул учурда борбору Лондондо орун алган Сириянын адам укуктарын байкоочу үйү Кобани жана чөйрөсүндөгү кагылышууларда акыркы үч күндө эң аз 100 ИШИМ террористинин өлтүрүлгөнүн билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар