Бир айдын ичинде 1000 чет элдик ИШИМге кошулду
1000 чет элдик согушчандын ИШИМдин катарына кошулуу үчүн Сирияга киргени билдирилди
176846
Чалгындоо уюмдары 10 жылда эч бир согушка мынчалык жогорку деңгээлде чет элдиктин кошулбаганына көңүлдөрдү бурду. Америкалык чалгындоо булактары бир айдын ичинде 1000 чет элдик согушчандын ИШИМдин катарына кошулуу үчүн Сирияга киргенин билдирди. Америкалык булактар азыр да 80 өлкөдөн 16 миң кишинин согушуу үчүн Сирияга келгенин болжолдоодо. Булардын 2 миңинин европалык, чоң бөлүгүнүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан экени билдирилүүдө.