Обама эбола тууралуу билдирүү жасады

Эбола эпидемиясы менен күрөш улантылууда

174672
Обама эбола тууралуу билдирүү жасады

АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө эбола вирусуна каршы күрөшкөн саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана улуттук коопсуздук группасы менен жолугушту. Обама "Американын каармандары" деп аталган Батыш Африкада эпидемия менен күрөшкөн саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен мактоо менен сөз кылды. Обама америкалыктарды эболадан коргоонун эң жакшы жолунун вирусту чыккан жеринде жок кылуу экенин айтты. АКШнын президенти маселелер Батыш Африкада чечилбесе алдыдагы жумаларда жана айларда оорулуулардын санынын өсөөрүн белгиледи. Обама оору чыккан жеринде жок кылынбаса карантин же саякаттарга тыюу салынса да жайылусуна бөгөт болууга болбой турганын айтты. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар