Парижде Тоолуу Карабах маселеси талкууланды

Армения менен Азербайжандын президенттеринин ортосунда түздөн-түз диалогдун кайрадан башталганы маалымдалды.

172999
Парижде Тоолуу Карабах маселеси талкууланды

Франциянын борбор шаары Парижде Азербайжан-Армения жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында Тоолуу Карабах маселеси каралды.
Франциянын президенти Франсуа Олланд, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын президенти Серж Саркисян Элисей сарайындагы кечки сый тамакта жолугушушту.
Андан соң Франция тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Париждеги саммит аркылуу Армения менен Азербайжандын президенттеринин ортосунда түздөн-түз диалогдун кайрадан башталганы маалымдалды.
Билдирүүдө Олланддын, тараптардан эл аралык укук принциптеринин алкагында Тоолуу Карабах маселесин чечүүгө карата аракеттердин тыгыздаштырылуусун талап кылганы жана эки тарапты тең чыңалууну басаңдатууга чакырганы белгиленди.
Жыйында Армения менен Азербайжандын президенттеринин, 2015-жылдын сентябрь айында БУУнун башкы ассамблеясында жаңы жыйын өткөрүү жана диалогду улантуу темасында макулдашкандары билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар