Уйгур автоном аймагында шахта кырсыгы

Кырсыкта 16 киши каза болгон

170906
Уйгур автоном аймагында шахта кырсыгы

Кытайдын түндүк – батышындагы Шыңжан автоном аймагында бир көмүр шахтасы көчтү. Көчтө 16 жумушчу каза болуп, 11 киши жараланды. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда аймактын борбор шаары Үрүмчүдө кечээ кечинде болгон кырсыкта шахтада 33 жумушчу болгон. 6 кишинин өз аракеттери менен кутулганы, 27 жумушчунун ичкериде калганы билдирилди. Көч алдында калган жумушчулардан 16 киши каза болду. Жаралуу кутулган 11 жумушчунун ооруканаларда дарыланып жатканы белгиленип, жергиликтүү мекемелердин окуя тууралуу изилдөө жана териштирүү баштаганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар