АКШ эбола үчүн аракетке өттү

Эбола коркутуусуна каршы эл аралык аракеттер да улантылууда

170449
АКШ эбола үчүн аракетке өттү

Гинеде Эбола оорулууларын дарылаган америкалык бир дарыгердин өлкөсүнө кайткандан кийин ооруну жугузуп алганы билинди. Дарылоого алынган дарыгердин жакын чөйрөсү да көзөмөлгө алынды. Ошол эле учурда АКШдан эки жакшы кабар келди.
Эбола вирусу биринчи болуп жуккан киши далластык мед айым Нина Фам жана мед айым Амбер Винсон оорудан кутулду. Ооруканадан чыккан Фам Ак үйдө президент Обама тарабынан кабыл алынды. Эбола коркутуусуна каршы эл аралык аракеттер да улантылууда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола эмдөөсүнүн сыноолорунун оорудан таасирленген өлкөлөрдө эң эрте декабрь айында башталарын билдирди. Тест жүргүзүлүп жаткан эки эмдөөнүн миллиондогон дозасынын 2015 – жылы колдонууга даяр болору жана март айында да 5 тест баскычындагы эмдөөнүн дагы колдонуу үчүн даяр болору белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар