АКШнын Ирактагы алдыңкы максаттары

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин премьер-министр Ахмет Давутоглу менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөнү билдирилди.

151168
АКШнын Ирактагы алдыңкы максаттары

АКШнын мамлекеттик катчылыгынын маалымат катчысы Жен Псаки, күнүмдүк маалымат жыйынында Сириянын Кобани районундагы абалга байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин премьер-министр Ахмет Давутоглу менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөнүн билдирди.
Псаки сүйлөшүүнүн жалпы жонунан ИШИМ коркунучуна байланыштуу өткөнүн жана Кобанини да каратып алгандарын сөз кылып, генерал Аллен жана элчи Мак Гурктун сапарында да бул темалар сүйлөшүлө турганын сөз кылды.
Псаки: «Түркия коалициянын бир бөлүгү катары дагы кеңири роль милдеттенүүгө чечим чыгарууда жана бул темадагы сүйлөшүүлөр уланат. Бул тема тууралуу ачык айтышты»,-деди.
Псаки: «Эч ким Кобанинин кулашын каалабайт, бирок биздин башкы максатыбыз ИШИМдин коопсуз бир аймакка ээ болушуна бөгөт болуу»,-деп айтты.
Псаки бул жагынан алганда алдыңкы темаларынын бири абадан бомбалоолор болуп жаткан жерлерде мунай зат тазалоочу жайлардын текшерүүсүн камсыздоо болгонун сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар