Эбола Европага да жетти

Обама эболага каршы дүйнөлүк масштабда абдан олуттуу чараларды көрүүгө чакырды

150248
Эбола Европага да жетти

Африкадан Испанияга алып келинген оорулуулар менен алектенген мед айымдардын бирине вирустун жукканы билдирилди. Көрүлгөн чараларга карабастан вирустун кандай жукканы иликтенип, Испания саламаттыкты сактоо министрлиги атайын иш алып баруу тобун түздү. Андан мурда Африкада миссионерлик кызматын аткарган 2 испаниялык өлкөлөрүнө келгенден кийин каза болгон. Ошол эле учурда АКШнын президенти Обама эболага каршы дүйнөлүк масштабда абдан олуттуу чараларды көрүүгө чакырды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан берилген маалыматка караганда Батыш Африкада таасирдүү болгон эбола эпидемиясында 3 миңден ашуун киши каза болду.
Бир тараптан эболага окшогон марбург вирусунун да кайрадан жайылуусунан санааркоолор болууда. Марбург Угандада бир кишинин каза болуусуна жол ачып көп сандаган кишиде вирустун белгилери аныкталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар