Украина армиясы алсырап баратат

Петро Порошенко Украинада  орусиячылдар менен болгон 5 айлык кагылышууда аскердик шаймандардын 65 пайызынан ажырагандарын айтты.

134261
Украина армиясы алсырап баратат

Аскердик шаймандардын 65 пайызы түгөндү.
Украинанын президенти Петр Порошенко орусиячылдар менен болгон 5 айлык кагылышууда аскердик шаймандардын 65 пайызынан ажырагандарын айтты.
Украина маселесинин жалгыз эле аскердик жол менен чечилүүсү мүмкүн болбой турганын белгилеген Порошенко орусиячылдар менен элдешүү болбогон учурунда Украинанын өзүн коргоого даяр болушу керектигин билдирди.
Порошенко Украинанын телеканалында чыккан маегинде тынчтык болбой калуу ыктымалына каршы, армиянын күчтөндүрүлүшү керектигин баса белгиледи.
Өткөн аптада Америка Кошмо Штаттары жана Канадага жасаган сапары убагында жаңы аскердик шайман боюнча убада алганын белгилеген Порошенко, учурдагы куралдарынын чоң бөлүмүн орусиячылдар менен атышууларда коротконун моюнга алды.
«Канчалык көп украин аскерин жыйсак, ошончолук көп орус аскери келет»,-деген Порошенко, маселенин жалгыз гана аскердик ыкмалар менен чечиле албай турганын баса белгиледи.
Порошенко тынчтык темасында премьер-министр Арсений Яценюк менен көз караш айырмачылыгы болгону жөнүндөгү кабарларды да төгүнгө чыгарды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар